Баткенде "Жаштык" жана "Чоң-Талаа" чек ара посттору толугу менен жаңыланды
Кечээ, 28-майда Баткен облусундагы "Жаштык" чек ара постунун толугу менен жаңыланган шарты чек арачыларга тапшырылды.
Ачылуу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. "Жаштык" чек ара посту менен катар Баткен облусундагы "Кара-Бак" чек ара заставасынын "Чоң-Талаа" посту да заманбап шартта жаңыланып, пайдаланууга берилди. Бул эки посттун абалы менен Камчыбек Ташиев таанышып чыкты. Аталган посттор чек арачыларга коюлган талаптарды аткаруу үчүн керектүү болгон бардык каражаттар менен камсыздалган.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="183542,183543,183544"]