Abank
SerepTV Logo

Баткенде ИИМдин кызматкерлери волейбол ойношту. Ош милициясы 1-орун алды

Баткенде ИИМдин кызматкерлери волейбол ойношту. Ош милициясы 1-орун алды
Ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында өткөн волейбол боюнча мелдеште Ош ОИИБдин командасы 1-орунду ээледи. Экинчи орунду ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командасы алса, үчүнчү орунду Бишкек ШИИБдин командасы багындырды. Достукту жана кызматкерлер ортосунда ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган иш-чара Баткен облусунда16-17-август күндөрү кызмат учурунда каза болгон милициянын ага сержанты Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналып уюштурулган. Чемпионаттык турнирге республика аймагындагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринен жалпы болуп 11 команда катышкан. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="196241,196242,196243,196244,196245,196246"]