Баткенде чек арадагы чырдан улам электр энергиясыз калган айылдарга жарык берилди
Баткенде бардык электр чубалгылар калыбына келтирилди жана айыл тургундардын үйүнө жарык берилди. Орто-Боз көмөк чордону ишке киргенин Энергетика министрлигинен кабарлашты.
Кечээ, 27-январда Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары электр" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/batkende-chek-aradagy-chyrdan-ulam-alty-aiyl-elektr-energiyasyz-kaldy/"> электр энергиясыз калган. Жарыктын өчүшүнө тажик тараптан ок атылганы себеп болгон. Буга чейин оңдоп-түзөө иштери башталганы жана жергиликтүү милиция кызматкерлери оңдоо бригадаларынын коопсуздугун камсыздап жатышканы маалымдалган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/batkende-elektr-chubalgylaryn-ondop-tyzoo-ishteri-bashtaldy-elektrikterdi-milicziya-kyzmatkerleri-kaitaruuda/">маалымдалган.