Royal
SerepTV Logo

Баткенде чөө тиштеген үч адамдын абалы айтылды

Баткенде чөө тиштеген үч адамдын абалы айтылды

Өткөн аптада Баткен районунун Апкан айылында чөө тиштеген үч адамга кутурмага каршы вакцина сайылды. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө шилтеме берип, "Азаттык" жазды.

"Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары канааттандырарлык. Эпидемияга жана эпизоотияга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын чукул отуруму өтүп, элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат, ветеринардык кызматкерлер атайын иш-чараларды жүргүзүүдө. Отурумдун жыйынтыгы менен тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилди", - деп айтылат облустук бийликтин маалыматында.

30-январда Апкан айылында жүргөн чөө үч адамга тиш салган. Алардын бири бала. Үй жаныбарларын да талаган. Чөө ошол эле күнү жок кылынган.