Abank
SerepTV Logo

Баткенде чек арадагы чырдан улам алты айыл электр энергиясыз калды

Баткенде чек арадагы чырдан улам алты айыл электр энергиясыз калды
Баткенде алты айыл электр энергиясыз калды. Бул тууралуу "Ош электр" ишканасынан маалымдашты. "Бүгүн, 27-январь күнү кечинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/chek-arada-chyr-orun-algan-aimaktan-eldi-koopsuz-jailarga-kochyrylyydo/">чек арасында абал курчуганына байланыштуу Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан Орто-Боз аба чубалгысы үзүлдү. Бул кырдаалга байланыштуу Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калды. Азыркы кырдаалга байланыштуу оңдоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Кырдаал турукташканда аба чубалгы оңдолуп,  ишкана үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүгө даяр", - деп жазылат маалыматта. Баткен облусунун башка аймактарында электр тармактары штаттык режимде иштөөдө, өчүрүүлөр катталган эмес.