Abank
SerepTV Logo

Баткен шаарында жол жээгинде соода кылган жарандарга айып пул салынды

Баткен шаарында жол жээгинде соода кылган жарандарга айып пул салынды
Баткен шаарында жол жээгиндеги соода менен алектенген жарандар менен милиция кызматкерлери иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Баткен ШИИБдин кызматкерлери Баткен шаарында жайгашкан "Айдарали" базарынын айланасындагы 3 көчөнүн жол жээгиндеги соода-сатык иштери менен алектенген жарандарды жана жол тыгынын ирээтке келтирүү, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш алып барууда. Укук бузган жарандарга жалпысынан 21 протокол толтурушуп, айып пулдары салынып мыйзам чегинде чара көрүлдү.