Баткен районунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө жарлыкка кол коюлду
Президент Садыр Жапаров “14-17-сентябрда Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен районунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштарын толук калыбына келтирүү, ошондой эле 14-17-сентябрда куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан, аталган калктуу конуштардын жашоочуларынын жашоо-турмушу үчүн зарыл болгон жана бирдей шарттарды түзүү максатында, Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режиминин иштешин эске алып, Конституциянын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
- Президенттин 17-сентябрдагы № 313 жарлыгы менен түзүлгөн Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштарында жайгашкан жеке турак үйлөрдү Баткен райондук Жарандык коргонуунун өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоо боюнча комиссиясы тарабынан аныкталган бузулуулардын бар же жок экендигине карабастан, кийин жаңы турак үйлөрдү куруу менен толук бузуу жөнүндө сунушу жактырылсын.
- Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте:
- Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Финансы министрлиги ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн башкы пландарды, калктуу конуштардын деталдуу пландоо долбоорлорун жана топографиялык негиздерин иштеп чыгууга берилген сметага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына акча каражаттарын бөлсүн.
- Министрлер кабинети ушул жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.