Abank
SerepTV Logo

Баткен облусунун калкына жардам көрсөтүү үчүн чогултулган сумма 10 миллион сомго чукулдады

Баткен облусунун калкына жардам көрсөтүү үчүн чогултулган сумма 10 миллион сомго чукулдады
17-сентябрь саат 17:45ке карата Борбордук казыналыгы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатактын жүрүшүндө калкты колдоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынан акча каражаттары алынганын билдирет. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Учурда Кыргыз Республикасынын жарандары жана башка ыктыярчылар жиберген сумма 9 миллион 862 миң 243 сом 27 тыйынды түзөт. Белгилей кетсек, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.