Баткен милициясы 5-октябрга чейин түнкү жана күндүзгү кайгуул жүргүзөт
Баткен облусунун аймагында милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздашууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-сентябрдан 5-октябрга чейин милиция кызматкерлеринин түнкү жана күндүзгү кайгуул багыттары түзүлгөн.
"Милиция кызматкерлерине өткөн таңкы нускамаларда кызматтык тартипти сактоо эрежелери жана жарандар менен сылык мамиледе болуулары эскертилип жатат. Баткен облусунун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, Баткен районунун жергиликтүү тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында жеринде иш алып барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Учурда Баткен облусунун аймагында жалпысынан абал туруктуу",- деп айтылат маалыматта.