Royal
SerepTV Logo

«Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекетке өттү

«Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекетке өттү
«Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. "Экс-депутат, мурдагы биринчи вице-премьер Аскар Шадиев 2000-жылы Жогорку Кеңештин Мүлк боюнча комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарынан пайдаланып, менчиктештирүү жана лицензиялоо, жеке кызыкчылыгы үчүн борбор калаадан арзандатылган баада 3 гектарга жакын жер тилкесин алып, өзүнүн туугандарына каттаган. Тергөөнүн жүрүшүндө жер тилкесинин иш жүзүндөгү ээлери аталган жакын туугандары «БГАТП» ЖАКтын акцияларынын контролдук пакети (64,38%) ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүштү. Муну менен катар 9-январда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик негизги акционер катары «БГАТП» ЖАКтын жетекчилигин алмаштырган, мындан улам 2024-жылдын январь айынан баштап базардагы соода жайларынын ижара акысынан түшкөн айына 10 миллион сомго жакын (жылына 120 миллион сом) мамлекеттик бюджетке түшөт. Ошол эле учурда, 2020-жылдан бери республикадан тышкары Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Аскар Шадиев, жубайы Асел Шадиеванын наамына катталган «БГАТП» ЖАКтын калган акцияларына карата, акцияларды мамлекеттин менчигине кайтарып алуу мүмкүндүгү үчүн сот тартибинде акцияларды конфискациялоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="222869,222870,222871,222872,222873,222874,222875"]