Баштыктагы 7 миллион рубль. Депутат: "Орусияда кыргызстандык аял 2 жыл 6 айга соттолду. ТИМ нота жибериши керек"
"Мага Ноокен районунан кайрылуу түштү. Ал Новосибирскте иштеп жүрөт. Анын келинчеги 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылыптыр". Бул тууралуу депутат Мейкинбек Абдалиев билдирди.
"Ал сумканы уурдаган эмес. Ноутбуктун сумкасын таап алган. Ошондо 7 миллион рубль бар деп райондук сот камады. Ал калп детекторунан өтүп, анын чечими уурдаган эмес деп чыккан. Ага карабастан 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып жатат. Кичинекей сумкага 7 миллион рубль батпайт. Биз сыртта жүргөн жарандарды коргоого милдеттүүбүз. Биздин ТИМ иштеп жатыптыр. Дагы тапшырма берип, ТИМ нота жиберсин. Биз өз жарандарыбызды коргойлу", - деди ал.
- Окуя 2021-жылдын 4-ноябрында таңкы саат 7 чамасында орун алган. Кыргызстандык аял адаттагыдай эле жумушка бара жатып, кара сумка таап алган. Полициянын маалыматы боюнча, анда ири суммадагы акча – 7 миллион рубль болгон. Аялдын өзү баштыкта акча болбогонун айткан. Келин 2021-жылдын ноябрь айынан бери камакта болчу.