Abank
SerepTV Logo

"Баштыкта ири суммадагы сом, евро, доллар, тенге жана юань болгон". Ошто чет өлкөлүк жарандын баштыгы табылды

"Баштыкта ири суммадагы сом, евро, доллар, тенге жана юань болгон". Ошто чет өлкөлүк жарандын баштыгы табылды
Ошто милиция чет өлкөлүк жарандын жоголгон акчаларын жана буюмдарын таап берди. Бул тууралу Ош ШИИБден билдиришти. 2-май күнү милицияга Ирландиянын жараны Жонесс Попж арыз менен кайрылган. Ал арызында Ош шаарында троллейбуста баштыгын унутуп түшүп кеткендигин билдирип, аны таап берүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Баштыкта жылуу кийими, ири суммадагы сом, евро, доллар, тенге жана юань акчалары, эки паспорт, айдоочулук күбөлүгү, банк карталары болгон. Бул фактыдан соӊ Милициянын кайгуул кызматы тарабынан таап алган адамдар болсо кайтарып берүү өтүнүчү менен видеокайрылуу жолдонгон. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмү тарабынан издөө иштеринин натыйжасында 4-майда жоголгон баштык табылып, ээсине кайтарып берилди. Арыз ээси өз буюмдарын карап көрүп, баары жайында экендигин, буюмдары, акчалары толугу менен бар экендигин айтып, милицияга ыраазычылыгын билдирди.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 
target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от Ош ШИИБ/УВД г.Ош (@uvd_g_osh)

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

23:00 27.04.2026

Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизди

05:04 03.05.2026