Abank
SerepTV Logo

Курманкул Зулушев көк бөрү боюнча эл аралык ассоциациясынын төрагасы болуп шайланды

Курманкул Зулушев көк бөрү боюнча эл аралык ассоциациясынын төрагасы болуп шайланды

Башкы прокурор Курманкул Зулушев көк бөрү боюнча эл аралык ассоциациясынын төрагасы болуп шайланды.

Мындай чечим бүгүн, 13-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн конгрессте кабыл алынган. Аталган ассоциациядан билдиришкендей, конгресске 9 мамлекеттен 14 улуттук федерациянын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Жыйында эл аралык көк бөрү федерациясы ассоциация болуп түзүлдү.

Анын ичинде:

— ассоциациясынын президенти болуп Курманкул Зулушев;

— вице-президенттери болуп Казакстандын "Жаппай көк пар” федерациясынын президенти Гани Дирманов;

— Өзбекстандын “Улок купкари” федерациясынын төрагасы Равшанбек Адхамов;

— Орусиянын Алтай Республикасынын “Көк Бөрү” (Синий Волк) ат оюндар федерациясынын президенти Эркин Тузачинов шайланды.

Ал эми көк бөрү оюндарынын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн эл аралык көк бөрү федерациясынын мурдагы вице-президенттери Аскар Салымбеков менен Набижон Жураевге (Өзбекстан) эл аралык көк бөрү ассиоциациясынын “Ардактуу президенти” наамы ыйгарылды.