Abank
SerepTV Logo

"Барселона" Кыргызстанда. Аларды бир топ белгилүү чет элдик блогерлер коштоп жүрөт

"Барселона" Кыргызстанда. Аларды бир топ белгилүү чет элдик блогерлер коштоп жүрөт
Кыргызстанга "Барселона" клубунун жылдыздары келишти. Эртең, 30-августта Бишкектеги стадиондо “Барселона” клубунун легендалары менен Борбор Азиянын футбол ардагерлеринин беттеши өтөт. Беттешке Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Эдгар Дэвидс, Ривалдо, Хидетоши Наката, Андрей Канчельскис жана башка футбол жылдыздары катышары жарыяланган. Футболчулардын келиши менен өлкөгө белгилүү блогерлер да келишти. Алардын сап башында Инстаграмда 26 миллиондон ашуун катталуучусу бар Гусейн Гасанов турат. Ал кечээ өлкөгө келип, Бишкектен Ысык-Көлгө барган видео менен бөлүштү.
Казакстандан дагы бир нече блогерлер келди. Алардын бири Инстаграмда 7,5 миллион катталуучусу бар Ерболат Жанабылов. Ал өзүнүн видеосунда Кыргызстанга биринчи жолу келгенин жазды.
Келгендердин арасында 646 миңден ашык катталуучусу бар Артур Аскар уулу да бар.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от Артур Аскарулы (@archibaaalt)

6 миллионго жакын катталуучусу бар казакстандык блогер Нурбек Нуртаза да Кыргызстанга келди. "Казак менен кыргыздын маданияты, тили окшош экен. Бирок тамак-ашында, каада-салтында, улуттук кийимдеринде айырмачылыктар бар экен. Албетте бул жакшы, анткени өзгөчөлүктөр болушу керек. Мен бул жерде өзүмдү чет өлкөдө жүргөндөй сезбей элем", - деп жазды ал.
Ошондой эле, 2,6 миллион катталуучусу бар "Хомяк" аты менен белгилүү ТикТокчу Алина Ким да келген.

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

23:00 27.04.2026

Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизди

05:04 03.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026