Royal
SerepTV Logo

Балыкчыдагы машыгууга Тажикстандын аскердик контингенти келди

Балыкчыдагы машыгууга Тажикстандын аскердик контингенти келди
Кечээ, 5-октябрда Кыргыз Республикасына ЖККУга мүчө-мамлекеттеринин тынчтыкты сактоочу Жамааттык күчтөрү менен «Бузулбас боордоштук-2023» биргелешкен" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/balykchyda-buzulbas-boordoshtuk-2023-mashyguusu-otot/">биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн Тажикстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингенти келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты. Тажик контингентинин тынчтыкты орнотуучулары Тажикстандан Кант шаарына аба каттамы менен келип, машыгуу өткөрүлө турган Балыкчы шаарына жөө жүрүш жасашты. 20636 аскер бөлүгүнүн саптык плацында машыгуунун жетекчилиги тарабынан аларды салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="206669,206670,206671,206668,206672"]