"Балдарымдын "нан алып келсе экен" деп күткөн күндөрү болот" дейт президентке кайрылган кыздын апасы
Буга чейин социалдык тармактарда «5 бир тууганбыз. Бөбөктөрүм ачка» деген кыздын президенке кайрылган видеосу" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/5-bir-tuuganbyz-boboktorym-achka-degen-kyz-prezidentke-kairyldy/"> тараган.
«Садыр ата (ред. президент Садыр Жапаров), ыйык Орозо айыңар менен. Атам ооруганга байланыштуу акчабыз жетпей жатат. Бизге 1 бөлмөлүү болсо да үй берип тургулачы, кийин чоңойгондо акча таап, беребиз. 5 бир тууганбыз. Бөбөктөрүм ачка, апамдын иштеген акчасына 1 эле нан келет», - деген кыз ыйлап.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги видео боюнча кыздын апасы менен байланышып, үй-бүлөнүн жашоо абалын сурап көрдүк.
"Видеодогу кызым 10 жашта, 2-класста окуйт. Мен намаз окуп, дуба кылып, суранам. Ошону көрүп кыздарым да жаттап алат. 5 балам бар. Мен мечитте даарат алган жерин жууп-тазалайм, бөтөлкө теребиз. Кудайга шүгүр, кээде акча болуп турат. Балдарым "апам нан алып келсе экен" деп күткөн күндөр болуп калат. Жолдошум ооруйт. Балдарыма жөлөк пул алабыз, 5 балага 6200 сом болот. Балдарымдын улуусу 11 жашта, кичүүсү 1 жашта. Ал эми батирди 12 миң сомго ижара алабыз. 5 балалуу адамды батирге да алышпайт экен. Сууну минтип койду, тигини тигинтип койду деп батырышпайт экен. Кыздарымды да ойлоп жер үйдөн көчкөнбүз", - деди ал.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн номур: 0705 565 659.