Abank
SerepTV Logo

Балбак Түлөбаев: "Көлдөгү скутерлердин майы, жыты айланы кетирди"

Балбак Түлөбаев: "Көлдөгү скутерлердин майы, жыты айланы кетирди"

Депутат Балбак Түлөбаев соцтармакта талкуу болуп жаткан сүрөт менен бөлүшүп, Ысык-Көлдөгү скутердин зыяны тууралуу жазды.

"Бардык жерден көрүп жатабыз. Көлдөгү скутердин зыяны. Деңиз менен океанда башкача. Көлдө майы, жыты айланы кетирди. Бир чечимге келбесек, болбой калды", - деп жазды ал.

Кечээ, 6-августта социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээги булганган сүрөт жарыяланган. Анда суунун үстүнө катер менен скутердин майы калкып чыкканы айтылууда. Айрым катталуучулар көлдө мындай суу транспортторунун иштөөсүнө тыюу салууну талап кылууда.