Abank
SerepTV Logo

"Баламды осьминог дешсе, оор тиет" дейт уулу айнек сөөк оорусунан жабыркаган эне

"Баламды осьминог дешсе, оор тиет" дейт уулу айнек сөөк оорусунан жабыркаган эне
Биздин бул жолку каарманыбыз 34 жаштагы эне. Анын 8 жаштагы уулу Анарбек тубаса айнек сөөк оорусу менен жабыркайт. Жалгыз бой эне жолдошу мындан бир топ жыл мурда поездге тебеленип, каза болгонун айтат. "Уулум учурда 8 жашта. Элдер осьминог дешет. Башында айнек сөөк оорусун да кабыл албай жүрдүм. Азыр кабыл алып, операция кылдырып жүрдүм. 5 жолу операция болду. Кайра эле сөөктөрү ийилип кетип жатат. Дагы операция кылганга болбойт экен. Инфекция кирип кетиши мүмкүн дешти. Башка өлкөдө операция кылышы керек экен. Түркияда 16 500 доллар экен. 3 ай сайын Орусиядан дары алдырабыз",- деди ал.