"Байланышка чыкпай калган". Чет өлкөлүк жаран "Семенов" чокусунан изделип жатат
ӨКМдин куткаруучулары "Семенов Тянь-Шаньский" чокусунан 32 жаштагы чет өлкөлүк жаранды издеп жатышат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Алдын ала маалымат боюнча, 14-июлда 32 жаштагы чет өлкөлүк жаран Ала-Арча капчыгайындагы "Семенов Тянь-Шаньский" чокусуна чыгып, байланыш жок болуп жаткандыгын туугандары билдиришкен.
Кечээ издөө иштерине "Эделвейс" тоодо куткаруу кошуунунан 6 куткаруучу жөнөтүлгөн. Алар кечки саат 21:20да Ала-Арча капчыгайындагы "Хижина Рацека" альплагерине жетишип, түнөккө калышкан",- деди ал.