Abank
SerepTV Logo

"Баалуу белектерди берди". Кызыл-Кыя шаарынын мэри 7 миллионунчу кыргызстандыктан кабар алды

"Баалуу белектерди берди". Кызыл-Кыя шаарынын мэри 7 миллионунчу кыргызстандыктан кабар алды

Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрь күнү жарык дүйнөгө келди. Ымыркай жумушчу Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлдү. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.

"Апасы Айжаркын Сыраждинова төртүнчү баласын төрөп, ал Кыргызстандын расмий жети миллионунчу жараны болуп катталды. Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бийлиги, шаар башчысы Асилбек Маткалыков 7 миллионунчу жарандын ата-энесин куттуктап, шаардык төрөт үйүнө барып ымыркайдын энесине өзүнүн каалоо-тилектерин айтып, баалуу белектер менен сыйлады", - деп айтылат маалыматта.