"Азыр дем алуу да оор болуп жатат" дейт пластикалык операциянын курмандыгы болгон келин
SuperTV телеканалына Бишкектеги клиникалардын биринде пластикалык операция жасатып, бирок жыйынтыгына нааразы болгон кыздар кайрылышты. Бири 170 миң сом, экинчиси 100 миң сом төлөп, учурда күзгүгө каранган сайын ыйлап жатышканын айтышат.
"Жанымдагы кыз экөөбүз бир эле дарыгерден жасатканбыз. "Мурдуң куурчактыкындай болот" деди. Мен ишендим. Кебетемди бузуп салышты. Жакшы да дем ала албай жатам. Баары эле "эмне мурдуң кыйшык болуп калган?" дешүүдө. Азыр сол жактан демдин чыгышы оор болуп жатат. Мен 100 миң сомго жасаттым. Жолдошум менен кеңешкем. Операция 22-июнда болду. 2 саат жасашты. Эртеси карсам, мурдумдун ылдый жагы дагы эле турат. Ал шишик экенин айтты. 10 күндөн кийин пластикти алгандан кийин эле "жаккан жок" дедим", - деди ал.