«Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси алмашты
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын Бишкектеги кеңсесинин, "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси алмашты. Айзада Касмалиеванын ордуна Бакыт Асанов директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган редакциядан маалымдашты.
Касмалиева бул кызматта 2017-жылдын 1-майынан тарта иштеген. Ал "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прагадагы кеңсесине бир жылдык мөөнөткө адистик тажрыйба алмашууга барат. Асанов 2011-жылы октябрда "Азаттыкка" кабарчы болуп келген. Бир жыл эл аралык медиа корпорациянын Прагадагы кеңсесинде адистигин жогорулаткан. 2017-жылдан тарта "Эксперттер талдайт" аналитикалык талкуу программасын алып барат.