“Аялым 3 бала менен таштап кетти” деген каармандын жубайы өз чындыгын айтты
17-сентябрда SUPERTV телеканалына "Аялым эч нерсеге жарабайсың деп, 3 бала менен таштап кетти" деген Нурсадык Ураимовдун видеосу жарык көргөн. Ал "жубайым качан кайтып келсе да, кабыл алууга даярмын" деген эле. Көп өтпөй каармандын мурдагы жубайымы "өз чындыгым бар" деп кайрылды.
"Биз 2014-жылы баш кошконбуз. Ушул жылдын 12-майында расмий түрдө ажыраштык. Мени уруп, токмоктогону ажырашуубузга себеп болду. "Балдар бар" деп чыдап жүрүп, акырында ажырашуу тууралуу арыз жаздым. Анткени бычак такаганга чейин барчу.
Эшикке чыгарчу эмес, кошуналардыкына барсаң, артымдан жетип барчу. Өзү иштебейт, мен талаада иштеп келсем, кызганып сабачу. Улуу баламды 1-2 күндө алып барам деп алып кеткен. Эжелери чалып, "жалгыз калды, жанында туруп турсун" дегенинен макул болгом. Кызымды да көтөрүп кеткен", - деди ал.