Abank
SerepTV Logo

"Аялдардын ур-токмогунан жабыркаган эркектер бар" дейт Бишкек ШИИБдин башчысы

"Аялдардын ур-токмогунан жабыркаган эркектер бар" дейт Бишкек ШИИБдин башчысы

"Эркектер дагы аялдардан токмок жешет" деп билдирди бүгүн, 31-мартта түз эфирде Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев.

Ал 2023-жылдын 2 айында 14 адамга коргоо ордери берилгенин эске салды. «Биз аялдарды алсыз деп эсептөөгө көнүп калганбыз. Бирок аялдардын ур-токмогунан эркектер да жабыркайт», - деди Ногойбаев.