Abank
SerepTV Logo

Автобус албайт белеңиз? Мэрия аукцион өткөрүүнү пландап жатат

Автобус албайт белеңиз? Мэрия аукцион өткөрүүнү пландап жатат

Борбор калаада автобустарды сатуу боюнча аукцион өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Транспорттук каражаттарды сатуу боюнча аукцион 12-майда өтөт. Мындан тышкары, автотранспорт каражаттарынын тизмеси бекитилди жана кепилдик төлөмдүн өлчөмү ЛОТтун баштапкы наркынын 10% өлчөмүндө аныкталды. Арыздар 10-майга чейин Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246 дарегиндеги Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин Муниципалдык менчикти эсепке алуу жана укук белгилөөчү документтер бөлүмү, №23 кабинетинде кабыл алынат. Суроолор боюнча төмөндөгү номерлерге кайрылсаңыз болот: 0 (312) 45-44-08; 0707 45-19-48.