“Атын ырымдап Эламан деп койдук”. Тажикстандын кол салуусунан улам ОшМУнун жатаканасына эвакуацияланган келин уул төрөдү
Бүгүн, 19-сентябрда Баткен шаарынын тургуну, ОшМУнун жатаканасына эвакуацияланган эл менен келип жайгашкан 1994-жылкы Каныкей көз жарды. Бул тууралуу ОшМУдан билдиришти.
“Каныкейди жатаканадан кечээ керектүү каражаттар менен камсыздап, бата берип узатышкан эле”,- дешти.
Ымыркайга ырымдап Эламан деген ысым беришкен. "Баткен шаарында турабыз. Бүгүн минтип төртүнчү перзенттүү болдук. Эламан деп ат койдук. Эл-журтубуз аман болсун. Үч уулубуз бар эле улуусу Элчибек, ортончусу Мухаммед, кийинкиси Эльдар эле, кичүүсү Эламан болду. Кубанычымда чек жок, сүйүнүп отурам. Кайрымдуу элибизге ыраазычылык билдирем", - деди Баткен шаарынын тургуну, ымыркайдын атасы Абдуллаев Тынчтыкбек.