Abank
SerepTV Logo

"Атасы кыздарына кол көтөрө баштаган". Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аял жардамга муктаж

"Атасы кыздарына кол көтөрө баштаган". Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аял жардамга муктаж
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен Гүлбарага жардам керек. Бул тууралуу "Сезим" кризистик борборунан билдиришти. Маалыматка караганда, аялдын 4 баласы бар. Анын күйөөсү улуу кыздарына кол көтөрө баштаганда эне кетип калган. Улуу кыздары 15 жана 16 жашта. Баласы 13тө. Эң кичүүсү 4 жаштагы бала үй-бүлөдөгү чыр, ур-токмокко күбө болуп келген. Гүлбара учурда сатуучу болуп иштейт, аз айлык маянасы үйдү ижарага алууга, балдардын муктаждыктарын камсыздоого жетпейт. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номурлар: 0(312) 316466, 0(551) 316466, 0(990) 590990