Abank
SerepTV Logo

Ат-Башы районундагы мектептер онлайн окууга өткөрүлдү

Ат-Башы районундагы мектептер онлайн окууга өткөрүлдү
Ат-Башы районундагы мектептер онлайн окууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Мындай чечим катуу сууктан улам кабыл алынган. Ат-Башы районунда 21 мектеп бар. Учурда райондук мамлекеттик администрация менен бала бакчалардын иши боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.