Ат-Башы районуна өзгөчө кырдал режими киргизилди
Ат-Башынын Арпа өрөөнүндө 2-майдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал жандыктары менен калган. Учурда малчылардын тамак-ашы жетиштүү, бирок мал жандыктардын тоюту жок болгондугуна байланыштуу малчылар жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ошондой эле Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу максатында акимдин буйругунун негизинде 3-майдан тарта райондун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими убактылуу киргизилди.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="178202,178203,178204"]