Ат-Башы - Кында - Торугарт жолунда унаа бузулуп, 3 киши калып калган
Ат-Башы - Кында - Торугарт унаа жолунун 165-чакырымында Audi-100 үлгүсүндөгү унаа бузулуп, карга тыгылып, өтө албай калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Унаанын ичинде 3 адам болгон. Жерине ӨКМдин Ат-Башы райондук бөлүмүнүн башчысы жетектеген ыкчам топ тартылып, унааны оңдоого көмөктөшүп, кардан сүйрөп чыгарышып, жогоруда аталган жарандарды Баш-Кууганды айылына туугандарына жеткирип беришти.