Abank
SerepTV Logo

Аскерлер бара жаткан унаанын кырсыкка кабылышы. Аскерлердин абалы айтылды

Аскерлер бара жаткан унаанын кырсыкка кабылышы. Аскерлердин абалы айтылды

Кырсыктан жабыркаган курсанттардын ден соолугунун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Алар дарыланууну улантууда.

  •  27-августта саат 11:50 чамасында «Ата бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында аскер кызматкерлери бара жаткан КамАЗ унаасы жол" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ata-beiitte-askerler-bara-jatkan-unaa-darakty-syzdy/">жол кырсыгына кабылды. Тагыраагы ал жол четиндеги даракты сүзгөн.
  • Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Аскердик институттун курсанттары ал жакка ант берүү үчүн барышкан. Министрликтен жол кырсыгынан так канча адам жабыркаганы тууралуу айтылган жок. Бирок маалыматтарга караганда, 9 киши түрдүү жаракаттар менен ооруканаларга жаткырылган. Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенип, кызматтык териштирүү жүрүүдө.