Аскар Акаев Майрам Акаеванын коштоосунда Казакстанга лекция өтүү үчүн келди (сүрөт)
Март окуясында бийликтен куулган Аскар Акаев Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине келип, лекция өттү. Бул тууралуу университеттин сайтына жазылды.
Кечээ, 19-июнда орун алган иш-чарага тунгуч президенттин жубайы Майрам Акаева да катышкан. Иш-чаранын аягында университеттин ректору Аскар Акаевге университеттин сыйлуу профессору деген наам ыйгарган. "Казак улуттук университети - Борбор Азиядагы мыкты университет. Көптөгөн окуу жайларга жогорку деңгээлге жетүү үчүн ондогон жылдар талап кылынат. Аль-Фараби атындагы жогорку окуу жай учурдун талабына жооп берет деп ойлойм", - деген өз сөзүндө Аскар Акаев.
Эртең, 21-июнда анын "Санаприптешкен экономика" темасында экинчи лекциясы өтмөкчү.
Буга чейин Аскар Акаевдин Казакстандагы университетке лекция окуу үчүн келери маалымдалган." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/askar-akaev-kazakstanga-lekcziya-okugany-kelet/">маалымдалган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="119047,119048,119049,119050,119051,119052"]