Royal
SerepTV Logo

Аскар Акаев: "2005-жылы Кыргызстанда болгон революцияны АКШ жасаган"

Аскар Акаев: "2005-жылы Кыргызстанда болгон революцияны АКШ жасаган"
Март окуясында бийликтен куулган Аскар Акаев казак тараптын чакыруусу менен Алматыда жүрөт. “Өзгөрүүлөр доорунда жашагыла” интеллектуалдык кечесинде ал АКШ 2005-жылы Кыргызстанда революция жасаганын айтты. Бул тууралуу Orda.kz" target="_blank">https://orda.kz/askar-akaev-v-almaty-ja-ne-mogu-svjazyvat-svojo-imja-s-krovoprolitiem/">Orda.kz жазды. Келечек тууралуу маек ошентсе да өткөнгө өтүп, Акаев президент болуп турган күндөрүн эскерди. Ал 1990-жылдары Кыргызстандын өнүгүү темпи жакшы болгонун, бирок көйгөйлөр 2000-жылдары пайда болгонун  жана ал АКШны мамлекеттик төңкөрүш үчүн күнөөлүү деп эсептей турганын дагы бир жолу баса белгиледи. «Мен бул тууралуу ачык айтып жатам, анткени АКШнын элчиси Янг мырза, өзгөчө Грузия менен Украинадагы ыңкылаптардан кийин, төңкөрүштөрдү мамлекеттер уюштурганын ачык айтты. Балким мен кетип ката кылдым. Көптөр бул жерде калыш керек эле дешет. Бирок кан төгүү даярдалып жатканын билгендиктен, атымды кан төгүү менен байланыштырбайм деп чечтим. Мен өлкөдөн кетүүнү чечтим жана өкүнбөйм», - деди Акаев.