“Артында уулу калды”. Түркиядагы зилзалада каза болгон келин жерге берилди
Түркиядагы зилзаладан каза болгон Медина Бактачиева акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган Медина Бактачиеванын сөөгү жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары баштаган райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы жана дин кызматкерлери катышкан. Медина Бактачиеванын үй-бүлөсүнө облустук казыяттын атынан 30 миң сом акчалай жардам тапшырылган.
“Маалымат иретинде айта кетсек, маркум Түркия өлкөсүндө жашап эмгектенип жүргөн. Ал ушул жылдын 6-февралында Түркияда катталган зилзаланын курмандыгы болгон. Анын артында 1 уулу калды. Эне-бала 6 жылдан бери көрүшө элек болгонун айылдаштары айтты”, - деп айтылат маалыматта.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/02/34222f44-751b-460b-98f4-977792eede2c.jpeg" alt="" width="1225" height="706" />
https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/02/f1d2e5d8-673e-4c63-ac71-da1f3fd1034a.jpeg" alt="" width="1242" height="736" />
https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/02/550dda30-2f47-4368-ae28-53391ad2986b.jpeg" alt="" width="1242" height="763" />
https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/02/b1d5a55a-ca2c-4204-8621-f39a0b6323a3.jpeg" alt="" width="1242" height="687" />