Abank
SerepTV Logo

Арстан Алайдын өлүмүнүн себебин комиссия иликтейт

Арстан Алайдын өлүмүнүн себебин комиссия иликтейт

Юстиция министрлигинин буйругу менен 5-январда Жазаларды аткаруу кызматынын №31 мекемесинде болгон окуянын чоо-жайын тактоо боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

Комиссия Арстан Алайдын өлүмүнүн чоо-жайын тактайт. Комиссия колдо болгон бардык материалдарды, анын ичинде Абдылдаевдин өз алдынча кыймылынын фактыларын көрсөткөн видеокамералардагы видеону жана суициддик жүрүм-турумдун белгилери бар башка аракеттерди изилдейт. Тиешелүү материалдар тергөөгө чейинки стандарттык жол-жоболордун алкагында толугу менен ачылып, тиешелүү органдарга каралат. Бүгүн, 5-январда Арстан Алай каза" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/jaktoochu-abakta-jatkan-arstan-alai-kaza-boldu/">каза болду. ЖАК анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө асынып турган жеринен табылганын билдирди" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/jak-arstan-alai-asyngan-abalda-tabylgan-okuyanyn-choo-jaiy/">билдирди. Арстан Алай 14-декабрда дайынсыз болуп, милиция тарабынан изделип жатканы маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/arstan-alai-daiynsyz-bolup-izdelip-jatat/">маалым болгон. 15-декабрда анын УКМК тарабынан кармалганы" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/arstan-alai-tabyldy-anyn-ukmk-tarabynan-karmalgany-belgilyy-boldu/">кармалганы жана «диний кастыкты козутуу» беренеси менени айыпталып жатканы айтылган. Кийин УКМК маалымат таратып" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/kyzdardy-koldongon-ukmk-arstan-alai-tuuraluu-koshumcha-maalymat-berdi/">таратыпАрстан Алайды «кыздарды колдонуп жүргөн» деген. 17-декабрда бөгөт чарасы каралып, 15-январга чейин камакта калтырылган болчу" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/arstan-alai-15-yanvarga-cheiin-kamakta-kaltyryldy/">болчу. 25-декабрда социалдык тармактарда «Арстан Алай абакта каза болду» деген маалымат тарап, ЖАКтан бул маалымат жалган деп билдиришкен" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/arstan-alai-kaza-boldu-degen-maalymat-jalgan/">билдиришкен.