Royal
SerepTV Logo

Арстан Алай каза болгон абактын жетекчиси: "Сүлгү менен электр чайнегинин шнуруна асынып алган абалда табылды"

Арстан Алай каза болгон абактын жетекчиси: "Сүлгү менен электр чайнегинин шнуруна асынып алган абалда табылды"
Кечээ, 5-январда Арстан Алай каза" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/jaktoochu-abakta-jatkan-arstan-alai-kaza-boldu/">каза болду. ЖАК анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө асынып турган жеринен табылганын билдирди" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/jak-arstan-alai-asyngan-abalda-tabylgan-okuyanyn-choo-jaiy/">билдирдиСЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын жактоочусу Самарбек Болотбеков менен байланышканыбызда, анын СИЗО-1ден №31 түзөтүү мекемесине өз эрки менен которулганын билдирген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/tuugandary-sookty-alyp-ketishti-arstan-alaidyn-jaktoochusu-sizodon-kotorulgany-tuuraluu-maalymat-berdi/"> билдирген. Ошондой эле жактоочу акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги үйүндө өтөрүн, сөөгү 7-январда жерге берилерин маалымдады." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/arstan-alaidyn-bishkekte-jerge-berileri-maalym-boldu/">маалымдады. Арстан Алай каза болгон абактын жетекчиси Кайрат Рымбеков анын сүлгү менен электр чайнегинин шнуруна асынып алганын айтты. "5-январь эртең мененки саат 05:15те болуп жатат. Тактап айтканда, 05:15те асынып алганы маалым болуп жатат. Асынып алган нерселер - сүлгү жана электр чайнегинин шнуру. Өзүнүн оорусуна байланыштуу тиешелүү бөлүмгө жайгаштырганбыз. Жетекчиликтен абактын аймагында чуркоого уруксат сураган. "Тер чыкканда башымдын ооруганы басылып калып жатат" деген. Уруксат берилген", - деди  ал.
width="560" height="314" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">