Abank
SerepTV Logo

Апасы 2 кичинекей кызынын атасы тарабынан зордукталганын айтышы. Милиция маалымат берди

Апасы 2 кичинекей кызынын атасы тарабынан зордукталганын айтышы. Милиция маалымат берди
Кечээ, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева ага аял кайрылып, кызы атасы тарабынан зордукталганын, ал 2017-жылдан бери акыйкаттык издеп жүргөнүн" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/deputat-kyzdarga-7-8-jolu-kuurchakty-berip-kuurchaktan-atasy-emne-kylganyn-korsotyp-berishse-da-tergoochy-ekspertizaga-jonotyptyr/">жүргөнүн айткан. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. 2020-жылдын 4-декабрында Жайыл РИИБге 1986-жылы туулган аял кайрылып, 1981-жылы туулган мурдагы күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Анда Кара-Балта шаарындагы үйдө жаран мас абалында 2010 жана 2014-жылы туулган кыздарынын жыныстык мүчөсүн кармаганын айтылган. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Жашы жете электерге карата аракеттердин фактысын тастыктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза жана соттук психолог-психиатриялык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында, кыздардын экспертизасы таза чыккан. Тергөөнүн жүрүшүндө, аялдын 2017-жылы эле арыз жазганы маалым болгон. Анда да күйөөсүнүн кыздардын жыныстык мүчөсүн кармалаганы айтылган. Анда да экспертиза дайындалып, таза чыккан. Ошол үчүн кылмыш иши козголгон эмес. 1-сентябрда Башкы прокуратурасы тарабынан токтотулган токтом жокко чыгарылып, андан ары териштирүү үчүн Жайыл РИИБдин тергөө бөлүмүнө жиберилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.