"Апам рак менен ооруйт, жубайым менен 2 кызым да майып. Баарын өзүм карайм" дейт жаш ата
“Апам жана кызым ракка кабылган, жубайым жана дагы бир кызым башынан жабыркайт. Аларга тамак таап келип, кезек менен жуунтуп, карайм” дейт биздин бул жолку каарманыбыз Бакыт Жуманалиев. Мүмкүнчүлүгү чектелген 4 үй-бүлө мүчөсүн вагондо багып жаткан ал тагдырын айтып берди.
"Менин атым Бакыт, 31 жаштамын. Ушул вагондо 7 жылдан бери жашайм. 2 кызым майып. Улуу кызым 7 жашта. Ал да башынан ооруйт, андан кийинки кызым бир бөйрөгүнөн операция болду. Апам 2-топтогу майып, рак менен ооруйт. Келинчегим да башынан ооруйт. Мен апамдын жалгыз уулумун. 6-класска чейин эле окугам. Андан ары бөйрөгүм ооруп, окууну уланта алган эмесмин. Мен айыккан соң, апам ооруп калды. Акча табыш керек болду, иштеп кеттим. Мен айылдагы талаага чыгып иштейм. Кеткенде ойлоно берем. Үйдөгүлөр ооруп, жатып калган жокпу деп. Баарын өзүм карайм", - деди ал.