"Апам Өзгөндөн болот". Казакстандык блогер Баткенге жардам катары 1 миллион теңге которду
Казакстандык блогер Нурбек Нуртаза үй-бүлөсүнүн атынан Баткенге жардам катары ыктыярчыларга 1 миллион теңге которду.
"Көпчүлүк билгендей, менин апам Ош облусунан болот. Өзгөндүк. Мен кичинемде бир нече жолу баргам. Интернет аркылуу Кыргызстанда эмне болуп жатканын көрдүм", - деп жазды ал.
Ал Инстаграм баракчасына Баткенге жардам катары 1 миллион теңге которгон видеосун бөлүштү. "Менин баракчамда кыргызстандыктар көп. Кыргыздар биздин коңшуларыбыз, боордошторубуз. 21-кылымда мындай болбошу керек деп ойлойм. Менин үй-бүлөм бул учурда материалдык жардам гана көрсөтө алат. Мына бул Кыргызстандын ыктыярчыларынын сайты. Ошол жактагы номурларга мынча акча котором", - деп 1 миллион теңге которду.