Анкарадан учкан биринчи каттамды «Манас» аэропортунда салтанаттуу тосуп алышты
«Манас» эл аралык аэропортунда Анкарадан учуп келген биринчи каттамды оргуп чыккан суу менен салтанаттуу тосуп алышты.
Кечээ, 3-июнда AnadoluJet авиакомпаниясынын (Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы) Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз каттамы келип конду. Эми жүргүнчүлөр Түркиянын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат.
Учуунун убактысы 4 саат 30 мүнөттү түзөт. Анкарага каттамдар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Август айынан тарта каттамдар күн сайын аткарыла баштайт.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="184769,184770,184771"]