Royal
SerepTV Logo

Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы дагы бир жолу эмдөөдөн өттү

Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы дагы бир жолу эмдөөдөн өттү

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Кыргызстанда COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/bishkekte-izdoodo-jyrgon-jaran-video-kameralardyn-jardamy-menen-karmaldy/">чакырат. Мен да бүгүн эмдөө алдым жана бардык кыргызстандыктарды эмдөө алууга чакырам. Биз бардыгыбыз вакцина менен алдын ала турган оорулар менен, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек. Эмдөө оорулардан коргой алат жана вирусту жуктуруп алуу коркунучун бир топ азайтат”, - деди ал.