Abank
SerepTV Logo

 Алтынай Ботоярова сынактын жетекчиси кечирим сураганда эмне үчүн орусча жооп бергенин айтты

 Алтынай Ботоярова сынактын жетекчиси кечирим сураганда эмне үчүн орусча жооп бергенин айтты
АКШда өткөн «Аалам периси» сынагынын уюштуруучуларын кечирим сураткан Алтынай Ботоярова SuperTV`га маек курду. Маек учурунда ал элди кызыктырган бардык суроолорго жооп берди. "3 жуманын ичинде көп нерсе болду. Мени Казакстан деп тааныштырды. 3 жолу кечирим сурашты. Сынактын жетекчиси кечирим сурап жатканда мен кыргызча сүйлөйм дедим. Бирок биздин жаныбызда турган котормочу "кечирип кой, мен кыргызча билбейм" деди. Мен эне тилимде эле сүйлөйүн деп жаткам", - деди ал. «Аалам периси» сынагынын башкы директору Эми Эммерих 15-январда Кыргызстандын өкүлү Алтынай Ботоярованы Казакстандан келген деп тааныштырганы" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/culture/aalam-perisi-synagynda-botoyarovany-kyrgyzstandan-emes-kazakstandan-keldi-dep-taanyshtyryshty/">тааныштырганы үчүн кечирим сураган. Анда Ботоярова ага орус тилинде жооп берген. Бул соцтармактарда кызуу талкууга түшкөн.