Abank
SerepTV Logo

Алтынай Ботоярова: "Мени Америкага "бул жакта калгың келип жатат" деп киргизбегенге аракет кылышты"

Алтынай Ботоярова: "Мени Америкага "бул жакта калгың келип жатат" деп киргизбегенге аракет кылышты"
АКШда өткөн "Аалам периси" сынагынын уюштуруучуларын кечирим сураткан Алтынай Ботоярова SuperTV`га маек курду. Маек учурунда ал элди кызыктырган бардык суроолорго жооп берди. "3 ай даярдандым. Оорчулук болду. Бул масштабдуу сынак болду. Сынакка бардык күчүмдү жумшадым. Мен апам менен барышым керек эле, бирок виза ала албай койдук. Ошондуктан баарын өз колума алдым. Америкага жеткенде үйгө депортация деп коюшту. "Сен 18 жаштасың, 4 чемодан алып келдиң, сен бул жакта мыйзамсыз калып калгың келип жатат" дешти. 1,5 саатттан кийин коё беришти. Ошол жерде ыйлайын дедим", - деди ал.