Атамбаев саясатка кайтабы? "Социал-демократтардын" лидеринин жообу
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Испанияда, ага дагы үч операция жасалат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков билдирди.
Анын айтымында, мурдагы мамлекет башчы Кыргызстанга кайтып келет. Ошол эле маалда Султанбеков Атамбаевдин саясатка кайтып келүү ниети жок экенин, “мажбурлашпаса гана” аралашпай турганын белгиледи.