Abank
SerepTV Logo

Алматыда кармалган кыргыз ишкеринин жакындары Бишкекте анын бошотулушун талап кылган акция өткөрүшүүдө

Алматыда кармалган кыргыз ишкеринин жакындары Бишкекте анын бошотулушун талап кылган акция өткөрүшүүдө
Бүгүн, 24-августта Алматыда кармалган кыргыз ишкери Эрмек Маркабаевдин жакындары Бишкектин Горький атындагы гүлбакта анын бошотулушун талап кылган тынчтык акциясын өткөрүшүүдө. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="197216,197217,197218,197219"] Ушул жылдын июнь айында Кыргыз жараны, Алматы шаарындагы “Алтын Орда” базарынын директорунун орун басары Эрмек Маркабаев Алматы-Бишкек автожолунда кармалган. Соңку күндөрү интернетте Маркабаевди куралчан күч кызматкерлери кармап жатканы тартылган видео тарап жатат. Видеонун автору Маркабаевге баңгизатын атайылап салып коюшканын айтууда.