Аламүдүндө тургундар ичкен суу кудукта малдын өлүгү жаткан видео тарады
Аламүдүндө тургундар ичкен суу кудукта өлгөн кой жатат. Видео социалдык тармактарга тарады.
Маалыматтарга караганда, видеону жергиликтүү тургун 10-сентябрда тартып алган. "Муну эл ичип жатат да, анан кантип оорубайт. Килтейген кой өлүп жатат. Капкагын да жаппаптыр. Суу агып жатат",- дейт видеодогу жаран.