Royal
SerepTV Logo

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз болуп жаткан жигитти 350дөн ашык киши издеп жатат (сүрөт)

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз болуп жаткан жигитти 350дөн ашык киши издеп жатат (сүрөт)
Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жигитти издөө ишине чыккандардын саны саат 15:00гө карата 358 адамга жетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Алардын 187си Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, Инсараг тобунун 5 куткаруучусу, 27 ыктыярчы, 139 ИИМдин кызматкерлери. Куткаруучулардын курамында 5 кинолог бар. Издөөчүлөр ӨКМдин 11 дрону, Инсараг тобунан 4 дрон, ыктыярчылардан 3 жалпы 18 дрон менен иш алып барууда. Мындан тышкары жалпы 20 техника, анын ичинен 17си ӨКМдики. 16-январь күнү ӨКМге түшкөн маалыматтын негизинде, 14-январдан бери Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 1996-жылы туулган М. уулу М. аттуу жаранды издөө иши министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="223960,223961,223962,223963"]