Royal
SerepTV Logo

Аламүдүн капчыгайына кеткен жигит дагы эле дайынсыз болуп жатат

Аламүдүн капчыгайына кеткен жигит дагы эле дайынсыз болуп жатат

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө кайрадан бүгүн, 22-январда улантылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн саат 9:30га карата жалпы 273 адам чыкса, анын 163ү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу. Алар 5 дрону, 10 техникасы менен капчыгайда издөө ишин башташты. Ал эми ИИМден 110 адам 1 дрону, 4 техникасы менен чыгышты. Жалпы 14 техника тартылды.

14-январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камерасына тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="224300,224301,224302,224303,224304,224305"]