Royal
SerepTV Logo

Аламүдүн капчыгайына кетип, дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө уланууда

Аламүдүн капчыгайына кетип, дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө уланууда

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан Маматалы уулу Мукамбеталыны издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Ал 1996-жылы туулган жана 2024-жылдын 14-январында Бишкектеги Абдыкадыров көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Туугандарынын айтымында, дайынсыз жоголгон Маматала уулу Мукамбеталы акыркы жолу «12 каминов" эс алуу аймагынан байланышка чыккан. Ал эс-тутумунун начарлыгы менен жабыркайт.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн босло, 0312 363523, 0500190151, 0501230290 номурларына чалсаңар болот.