"Аламүдүн" базарында жоголуп кеткен". Бишкекте 12 жаштагы Кутман Тулемишов изделүүдө
Бишкек шаарында 12 жаштагы Кутман Тулемишов изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБисинен билдиришти.
1-июлда Бишкек шаарынын тургуну 12 жаштагы иниси Кутман Тулемишовду издөөгө жардам сурап кайрылган. Маалыматка ылайык, 1-июль күнү "Аламүдүн" базарында жүргөн бала саат 14:00 чамасында белгисиз жакка кетип, кайтып келген эмес. Азыркы күнгө чейин дайынсыз болууда.
Белгилери: бою 150-155 сантиметр, толугунан келген, курсагында тырыгы бар. Чачы кыска, кара түстө.
Кийими: кара футболка, боз чолок шым, кара түстөгү сланцы.
Бала тууралуу уккан-билгендер болсо 0 557 119 410, 0 701 282 809, 0 702 498 888 жана 102 номерине кайрылыңыздар.